Кумтөр кенинин кирешеси: 28 жылда 101 млн, 5 жылда 5 млрд доллар

Пикир Загрузка... 28 Январь 2026 11:12
whatsapp_image_2024-04-05_at_16_38_48.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү 5 жыл башкаруусу мезгилинде көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу серепчи Тимур Саралаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул мезгил татаал, ошол эле учурда динамикалуу жана зор бурулуш учурларга бай болду.

"Бүгүн Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти катары кыргыз элине кызмат кылып келе жатканына туура беш жыл толду.

Бул аралыкта өлкөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болду. "Мурда кандай эле, азыр кандай болду" деген салыштырууга атайын токтолбой эле коёюн, муну ар ким саясаттан, экономикадан, мамлекеттик башкаруудан өзү эле байкап жатат. Бирок бир нерсе анык, бул мезгил татаал, ошол эле учурда динамикалуу жана зор бурулуш учурларга бай болду.

Өзгөчө белгилей кетчү тарыхый негизги чечимдердин бири албетте Кумтөр кенинин кайрадан мамлекеттин карамагына кайтарылышы. Бул кадам өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ болду. Кайтаруунун жыйынтыгында кен жай Кыргызстанга 5 млрд доллардан ашуун киреше алып келди. Ал эми буга чейинки 28 жыл ичинде мамлекет болгону 101 миллион доллар гана алган. Бул сандар кабыл алынган эң туура саясий чечимдин масштабын ачык көрсөтүп турат.

Албетте, алдыда дагы көптөгөн милдеттер жана замандын зор чакырыктары турат. Жетишилген динамиканы сактоо, алынган натыйжаларды институционалдык жактан бекемдөө жана алардын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу - президенттин мындан аркы иштин негизги багыттары болот деп ойлойм", - деди ал.