Бишкек, 09.06.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертэрди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Тараптар кыргыз-швейцария мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл Швейцариянын Тышкы иштер боюнча федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассистин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырууга, анын ичинде соода, инвестиция жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү армактарындагы кызматташтыкка бурулду. Ушуга байланыштуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйынынын маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жээнбек Кулубаев элчи Оливье Бангертерге эки өлкөнүн ар тараптуу өнөктөштүгүн өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде, элчи Оливье Бангертер Кыргызстандагы ишмердүүлүгүндө көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн ыраазы экенин айтты.