Кулубаев ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук координаторлору менен жолугушту

ШКУ 28 август 2026 15:50
02e73a24-b43c-3922-b40c-175526485f0d.jpeg
e5dbf349-df8f-396a-9df3-d9bd41ed536c (1).jpeg
dbf1bd7c-ec6d-3825-9ce7-6ddfda86f3e0.jpeg
a473a7e1-e95b-36e1-834c-a6f848a352a0.jpeg
d90a0a1b-de90-3b1d-b8c5-238fe3e11690.jpeg
Алдыга
Артка
02e73a24-b43c-3922-b40c-175526485f0d.jpeg
e5dbf349-df8f-396a-9df3-d9bd41ed536c (1).jpeg
dbf1bd7c-ec6d-3825-9ce7-6ddfda86f3e0.jpeg
a473a7e1-e95b-36e1-834c-a6f848a352a0.jpeg
d90a0a1b-de90-3b1d-b8c5-238fe3e11690.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирет.

Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында уюмдун Улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны өтүп жаткандыгынын өзгөчө маанисине токтолду.

Министр алдыдагы мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити уюмдун өнүгүүсүндө, өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү этап болууга тийиш экенин баса белгиледи. Лидерлердин алдыдагы жолугушуусунун уюмдун мааракелик жылында өтүп жатканы ага өзгөчө маани берет.

Ошондой эле министр улуттук координаторлорго активдүү иш алып баргандыгы, конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү жана саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал документтерди макулдашуу жана ШКУнун мындан аркы ишинин багыттарын аныктай турган чечимдерди иштеп чыгуу боюнча масштабдуу биргелешкен иш дал ушул Улуттук координаторлор кеңешинин деңгээлинде жүргүзүлөрүн айтты.

Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев координаторлорго жемиштүү иш каалап, саммит ШКУ мейкиндигинде мамлекеттердин биримдигин жана тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого болгон жалпы даярдыгын дагы бир жолу тастыктайт деген ишенимин билдирди.

ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун атынан Россия президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстандын төрагалык кылган мезгилдеги ырааттуу жана мазмундуу ишин, ошондой эле саммитти даярдоодогу кеңештин маанилүү ролун белгиледи.

Бахтиер Хакимов кыргыз тарапты Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алдыдагы 35 жылдыгы жана 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Ал улуттук координаторлордун мындан ары да жигердүү иш алып барууга даяр экенин ырастап, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.