Кулубаев JICA`нын туруктуу өкүлүн дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды — Кабар

Кулубаев JICA`нын туруктуу өкүлүн дипмиссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Саясат 15 апрель 2025 16:44
491949818_1077298077767035_3482762365695560789_n (1).jpg
491402310_1077298081100368_1818839886121191189_n.jpg
491932161_1077298074433702_514457230571279637_n.jpg
Алдыга
Артка
491949818_1077298077767035_3482762365695560789_n (1).jpg
491402310_1077298081100368_1818839886121191189_n.jpg
491932161_1077298074433702_514457230571279637_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Хироюки Кавамотону анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев Кавамотого кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана JICA долбоорлорун натыйжалуу ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар, учурдагы долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу, ошондой эле кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан техникалык жана гранттык жардам маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Жээнбек Кулубаев "Бир айыл - бир продукт" (БАБП) долбоорлорунун жана Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасынын (JDS) ийгиликтүү ишке ашырылышын өзгөчө белгилеп, алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын баса белгиледи.

JICA тарабынан Кыргызстандын ар кайсы аймактарына жиберилген япон ыктыярчыларынын маанилүү ролу өзүнчө белгиленди. Алардын билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү иши эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрү баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Хироюки Кавамото кыргыз тарапка колдоо жана өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирип, JICAнын биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга жана өнөктөштүктү чыңдоого мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.