Бишкек 16.06.25 /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.
Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты. Өзгөчө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий визиттердин жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышына көңүл бурулду.
Тараптар соода, транспорт, инвестиция жана туруктуу тоо өнүгүүсү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерине басым жасашты. Ошондой эле, эл аралык жана региондук маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Жээнбек Кулубаев элчи Габриелла Геллилге эки тараптуу ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Габриелла Геллил Кыргызстандагы ишмердүүлүгү учурунда көрсөтүлгөн колдоо жана жардам үчүн ыраазычылык айтты.