Кулубаев Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Саясат Загрузка... 09 Октябрь 2025 16:57
9424b700-070e-340e-b029-bd144bd4ffc8.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Душанбе шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чаранын алкагында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу, ошондой эле шериктештикке мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланат.

Тараптар ошондой эле КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы жыйындарына даярдалган документтердин долбоорлорун карайт.