Бишкек, 21.06.25./Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Булуңдагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (БАМКК) башкы катчысы Жасем Мохамед Аль-Будайви менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясынын алкагында орун алды.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен БАМККнын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле Бишкекте өтө турган “Борбордук Азия жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” 2-Инвестициялык форумун даярдоонун уюштуруучулук жана мазмундук аспектилерин талкуулашты.
Форум экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестиция тартуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен БАМККга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болуп калат.