Кулубаев Алматыда Россия жана БА өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты — Кабар

Кулубаев Алматыда Россия жана БА өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Саясат 11 апрель 2025 17:40
6325596523693459101.jpg
IMG_8381.jpg
IMG_8390.jpg
IMG_8403.jpg
Алдыга
Артка
6325596523693459101.jpg
IMG_8381.jpg
IMG_8390.jpg
IMG_8403.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын Алматы шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттери менен Россиянын Тышкы иштер министрлеринин сегизинчи жолугушуусуна катышты.

ТИМден билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын октябрында өткөн Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Россиянын биринчи саммитинин алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы боюнча маселелерди талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев алты тараптуу кызматташууну жогору баалап, жүк ташууларды өнүктүрүүгө жана эмгек мигранттарынын эркин жүрүшүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды алып салуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.