Кулубаев: 2025-жылы активдүү жана көп багыттуу тышкы саясат жүргүздүк

Саясат Загрузка... 15 Январь 2026 10:45
WhatsApp_Image_2026_CLYEQmZ.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып өткөн жыл өлкөнүн тышкы саясаты үчүн интенсивдүү жана ырааттуу иштердин мезгили болгонун билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бардык эл аралык өнөктөштөр менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого багытталган көп векторлуу жана прагматикалык тышкы саясий курсту ишке ашырууну улантты. 2025-жылы саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, чек ара аралык өз ара аракеттенүү маселелерин чечүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулду.

Министр жыл ичинде стратегиялык өнөктөштөр менен мамилелердин конструктивдүү мүнөзүн сактап калууга, өлкөнүн интеграциялык бирикмелерге жана көп тараптуу форматтарга катышуусун активдештирүүгө, ошондой эле бир катар негизги эки тараптуу багыттар боюнча ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүн болгонун белгиледи.

Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкө дипломатиялык активдүүлүктүн жогорку динамикасын көрсөтүү менен Борбор Азия мамлекеттери, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен кызматташтыкты жигердүү өнүктүргөнүн баса белгиледи.

2025-жылдын артыкчылыктуу милдеттеринин катарында Кулубаев мамлекеттик чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктоону, Кыргызстандын Түрк мамлекеттеринин уюмунда жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда төрагалык кылуусун, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалык кыла баштаганын атады.

Анын айтымында, 2026-жылы Тышкы иштер министрлиги эл аралык байланыштарды кеңейтүү, тышкы саясаттын экономикалык түзүүчүсүн чыңдоо жана эл аралык аренада өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантат.