Бүгүнкү күндө элеттегилер маңдай тери менен эмгектенип, үй-бүлөсүнүн киреше булактарын кеңейтүүнүн үстүндө. Айрымдары дыйканчылыкка ыктаса, кээси багбанчылыкты өздөштүрүп жатат. Бул ирет биз Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну Мунарбек Камаловдун үй-бүлөсүнүн чакан чарбасы менен тааныштырабыз.

Мунарбек Камалов кулпунай өстүрүп баштаганына 5-6 жылдан ашты. 2 гектар жерге кулпунай тигип, түшүмүн үй-бүлөсүнүн чакан киреше булагы катары пайдаланып келет. Дыйкан буга чейин эски сортторду өстүрүп келсе, азыр жаңы сортторду көбөйтүп жатканын айтты.

“Мурда эски сортторду өстүрүп келгенбиз. Кийин базарга чыгып, башка жаңы сортторду издеп баштадык. Кулпунайдын көчөттөрүн саткан компания менен келишим түзүп, көчөттөрүн отургуздук. Түшүмүбүз жакшы. Кулпунай бышкычакты үй-бүлөбүз менен иштеп, түшүм жыйнарда кошумча жумушчуларды жардамга чакырабыз. Түшүмдү өлкө ичине сатабыз. Буга чейин башка сатып алуучуларга гана кулпунайды сатып жиберсек, эми өзүбүз Россияга экспортко чыгарууну пландап жатабыз. Учурда келишимдерди түзүү иштерин жүргүзүүдөбүз”, - деди ал.

Дыйкандын пикиринде, түшүмдүн көлөмү жылына 8-10 тоннага чейин жетип жатат. Кулпунайдын рынокто өз орду бар болгондуктан, эрте жазда түшүм жыйналып, сатууга да жакшы. Бирок ошого жараша чыгашасы да бар. Мунарбек Камалов түшүмдү сактай турган муздаткычы бар кампа да куруп алууга жетишти.

“Мөмө жемиштерди тоңдуруп сактоочу цехти былтыр куруп баштаганбыз. Быйыл 30-августта президенттин катышуусунда ачып, ишке киргиздик. Түшүмдү сактай турган кампа керек болчу. Эми түшүмдү тоңдуруп сатуу жолдорун да караштырып жатабыз. Эң негизгиси 500 тонналык муздаткычы бар кампаны ачып алдык. Тоңдурулган мөмө-жемиштерди сатуу азыр жакшы болуп жатат. Алдыда ушул багытта пландарды түзүп жатам. Анткени товарларды тоңдуруп алып барганда бизге да ыңгайлуу болот экен. Себеп дегенде, жолдо бузулуп кетпейт, көбүрөөк сакталат”, - дейт ал.