Бишкек, 28.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстанда эки өлкөнүн капиталы катышкан 450гө жакын биргелешкен ишкана иштеп жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Бишкекте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстанда кыргыз тараптын катышуусу менен 362 биргелешкен ишкана иштеп жатса, Кыргызстанда өзбек капиталы менен 85 ишкана иш алып барууда.
Министр өлкөлөр автоунаа куруу, текстиль, медицина жана агроөнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгиледи. Ошол эле учурда кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү мындан да жогору экендигине токтолду.
“Ушул убакка чейин Чүй облусунда автоунаа өндүрүшү ишке киргизилди, текстиль тармагында биргелешкен долбоорлор активдүү ишке ашырылууда, Кара-Балтада, Чүй жана Ош облустарында, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян облусунда долбоорлор бар. Бул башталышы гана. Учурда 5–6 долбоор иштеп жатат. Бүгүнкү форумдун жыйынтыгынан кийин жаңы демилгелер жана жаңы долбоорлор ишке ашат деп ойлойм”, — деди Кудратов.
Ал саламаттык сактоо тармагында да өзбек инвестицияларынын катышуусу менен долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. Алардын арасында Ош облусунда диагностикалык жана дарылоо борборун куруу, ошондой эле Чүй аймагында медициналык продукция өндүрүү долбоорлору бар.
Министр айыл чарба тармагындагы кызматташтыкка да өзгөчө токтолду. Анын айтымында, тараптар айыл чарба продукцияларын өндүрүү багытында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда.
“Жакында Анжиянда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн даярдоо боюнча биргелешкен борбор түздүк. Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырдык. Ал эми быйыл ноябрь айында Ысык-Көл облусунда картошканы өнөр жайдык негизде өстүрүп баштайбыз. Кыргыз компаниялары ошондой эле Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда мал чарба комплексин курууга инвестиция салып жатышат”, — деп белгиледи министр.
Кудратов келечектүү багыттардын бири катары текстиль өнөр жайын атады. Ал белгилегендей, Өзбекстан бул тармакты биргелешип өнүктүрүү үчүн тажрыйбасы жана технологиялары менен бөлүшүүгө даяр.
“Текстиль тармагы Өзбекстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал өлкөнүн ИДПсынын 3 пайызын, өнөр жайынын 16 пайызын түзөт. Бул тармакта 500 миңден ашык адам иштейт. Биз Кыргызстан менен биргеликте текстиль багыттарын өнүктүрүү үчүн өз билимибизди, тажрыйбабызды колдонууга жана технологияларды тартууга даярбыз жана кызыкдарбыз”, — деди ал.
Министр Кыргызстан жүн өндүрүү тармагында чоң потенциалга ээ экенин белгилеп, бул кызматташуунун жаңы багыттарынын бири болушу мүмкүн экенин айтты.
“Кыргызстанда кой чарбачылыгы боюнча кылымдардан бери келе жаткан жөрөлгөлөр жана жүн өндүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бул Өзбекстанда азырынча жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөн багыт. Биз учурда жүндү Кытай жана Түркиядан чоң көлөмдө импорттойбуз. Ошондуктан бул багытты, анын ичинде биргелешкен фонд аркылуу, активдүү өнүктүрүүнү каалайбыз”, — деп баса белгиледи Кудратов.
Мындан тышкары, министр келечектүү багыттардын катарына чийки затты терең иштетүү, анын ичинде тери, бут кийим жана булгаары буюмдарын өндүрүү, ошондой эле электротехника өнөр жайын өнүктүрүү багыттарын атады.
Анын айтымында, жез жана алюминий сыяктуу чийки зат ресурстарынын болушу өлкөлөргө кабель-өткөргүч продукцияларын, трансформаторлорду, кыймылдаткычтарды жана башка өндүрүштөрдү биргелешип өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.