Кудайберген базарына кирүүгө мыйзамсыз акы алынып жаткандыгы аныкталды

Коом Загрузка... 13 Август 2025 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек,13.08.25./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кудайберген базарын кыдыруу учурунда автоунаалардан мыйзамсыз түрдө акы алынган тосмону аныктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеңил автоунаалардан 25 сом, жүк ташуучу унаалардан 40 сом өлчөмүндө кирүү акысы алынып келген.

Текшерүү учурунда тосмо орнотулган аймактагы унаа токтотуучу жайдын бир бөлүгү муниципалдык менчик экендиги белгилүү болду. Бирок базардын администрациясы бул жерди ижарага алуу үчүн шаардык бюджетке эч кандай төлөм жүргүзгөн эмес.

Мэр базар жетекчилигине тосмону өздөрүнө тиешелүү аймакка жылдырууну тапшырды. Ал эми шаардык кызматтарга бул маселени көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде чечүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлдү.