Кубаттуулугу 300 МВт. Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курат

Экономика 21 ноябрь 2025 18:12
1395903_c2fbebb3aadcc45b6b27846b13ecd1c3.jpg
47e9d46c-7e6b-44d9-8da2-047692d941ec.jpg
0a603956-da6a-452c-899b-08ef8ef8b238.jpg
483708a8-c356-44c1-8cd9-14ecc91361d8.jpg
Алдыга
Артка
1395903_c2fbebb3aadcc45b6b27846b13ecd1c3.jpg
47e9d46c-7e6b-44d9-8da2-047692d941ec.jpg
0a603956-da6a-452c-899b-08ef8ef8b238.jpg
483708a8-c356-44c1-8cd9-14ecc91361d8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Бул тууралуу Будапештте өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес-форумунда белгилүү болду.

Форумдун жүрүшүндө КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Венгриянын Electron Holding компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү.

Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу каралган. Инвестициянын жалпы суммасы 300 млн доллардан ашат.

Аталган форум президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулган.