Кубаттуулугу 30 МВт. Таш-Көмүрдө 11 га жерге күн электр станциясы курулууда

Аймак 4 декабрь 2025 09:16
594063668_1957192751814646_2819919204843623131_n.jpg
592329397_1957192741814647_1719749152682670126_n.jpg
594047271_1957192815147973_1472990940293430278_n.jpg
594047303_1957192935147961_6565720913667090361_n.jpg
594056028_1957192998481288_3293573028025766517_n.jpg
594056562_1957192845147970_2837270418804025622_n.jpg
594066115_1957192955147959_8742606302747934415_n.jpg
594066565_1957192705147984_8777817183635936316_n.jpg
594068180_1957192895147965_1190649425192365937_n.jpg
594070101_1957192785147976_5170042365879833867_n.jpg
594077366_1957192881814633_3500699031920721111_n.jpg
594079897_1957192981814623_3140660190104087394_n.jpg
595100060_1957192711814650_2117556810185756285_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында 11 гектар жерге 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев станциянын курулуш иштеринен кабар алды.

Аталган объект Жалал-Абад облусунда алгач ирет ишке ашырылып жаткан ири күн электр энергетикалык долбоорлорунун бири болуп саналат. Долбоор GRK Solar Energ компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Долбоордун наркы 20 млн долларды түзөт.

Күн электр станциясы курулуп жаткан аймакта мурда көмүр шахталары жайгашкан. Учурда аталган жерлер толук калыбына келтирилип, өндүрүштүк жана коммерциялык пайдаланууга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери экологиялык талаптар сакталган шартта, калыбына келтирилген аймактарда жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев бул долбоор энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү менен катар, социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чечим экендигин белгиледи.