Бишкек, 27.05.26 /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттары ШКУ өлкөлөрүнүн кызматташтыгын чыңдоодо чоң роль ойнойт, анткени коммуникация каалаган интеграциялык системанын эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу КР Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов кыргыз-кытай медиафорумунун алкагында билдирди.
”ЖМКлар мамлекеттер ортосундагы, ири аймактык уюмдардын ортосундагы жана эки тараптуу мамилелердеги коммуникацияда эң маанилүү ролду ойноп келген жана ойной бермекчи”, — деп коштоду ал.
Кыргызстан менен Кытайдын массалык коммуникация чөйрөсүндөгү кызматташтык дараметине токтолуп, бул багыттын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң экенин, бирок азыркы тапта ал толук кандуу колдонулбай жатканын белгиледи.
“Биз азыр жаңы технологиялардын, жасалма интеллекттин таасири күчөгөн кылымда жашап жатабыз. Менимче, бул потенциал таптакыр башка деңгээлге чыгат. Ал эми бүгүнкү форум Кыргызстан менен Кытайдын медиа мейкиндигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматына, жаңы аянтчасына чыгып жатканыбыздын далили. Кытайдын тажрыйбасы укмуш, анткени акыркы бир нече жылда Кытай коммуникация системасын өнүктүрүүдө жасалма интеллектти абдан жигердүү колдонууда. Андыктан биз кытайлык медиа түзүмдөрдүн тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүп, өз шартыбызга ылайыктап, колдонушубуз керек”, — деди Э. Кубатов.
Кыргызстан менен Кытайдын медиа түзүмдөрүнүн ортосунда кызматташуу келишимдерине жана меморандумга кол коюлушунун мааниси тууралуу айтып жатып, ал кеп жасалма интеллект жөнүндө гана эмес, өз ара аракеттенүүнүн жана коммуникациянын алда канча тыгыз деңгээли тууралуу болуп жатканын баса белгиледи.
Анын айтымында, жасалма интеллект маанилүү курал, бирок медианын негизин мурдагыдай эле адамдар, маданият, каада-салт, үрп-адаттар жана реалдуу жашоодо болуп жаткан окуялар түзөт. Ошол эле учурда заманбап технологиялар жана жаңы коммуникациялык мүмкүнчүлүктөр мунун баарын дүйнөлүк аудиторияга жеткирүүгө жардам берет.