Кубанычбек Усупов: Жол тыгынынын азайышы - ар бир айдоочунун кыялы

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 17:04
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар/. Жол тыгынынын азайышы ар бир коомдук транспорт айдоочусунун кыялы. Бул тууралуу №11 автобус каттамынын айдоочусу Кубанычбек Усупов “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспорт айдоочулары үчүн эң башкы кыйынчылык - бул жол тыгындары. Бирок, мамлекет бул маселеге өзгөчө көңүл бура баштады.

“Учурда жаңы жолдор салынып, жакшы шарттар түзүлүп жатат. Айлык маяна да канааттандырарлык. Эгер маяна жетпесе, чет өлкөгө кетмекпиз. Бирок, азыр шарттар жакшырып жатат. Бирден бир маселе ошол эле жол тыгыны. Эгер бул көйгөй чечилсе, ишибиз дагы жеңилдемек”, - деди ал.