Ташкент, 11.06.25. /Кабар/. Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун натыйжалуулугу жана инвестиция тартуудагы мааниси жылдан жылга өсүп жатат. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Ташкент шаарында өтүп жаткан IV эл аралык инвестициялык форумда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, быйыл төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан бул форум аймактагы эң ири жана таасирдүү иш-чаралардын бири болуп калды.
«Бул Өзбекстанга эле эмес, жалпы Борбор Азияга болгон кызыгуу күн сайын артып жатканын айгинелейт. Форумга биздин уюмга мүчө мамлекеттерден — Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн жогорку деңгээлдеги делегациялар, ишенимдүү инвесторлор катышууда», — деди Өмүралиев.
Ошондой эле ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ырааттуу реформалары инвестициялык климатты жакшыртууда чоң роль ойноп жатканын белгиледи.
«Президенттин жетекчилиги алдында өлкөдө ири масштабдагы өзгөрүүлөр жүрүп, бул аймакка болгон ишенимди арттырууда. Өзбекстандагы туруктуу өнүгүү тенденциясы бардык өлкөлөр үчүн үлгү боло алат», — деп кошумчалады ал.
Ташкенттеги форум ишин улантууда. Бул иш-чара Борбор Азияга болгон эл аралык инвестициялык кызыгуу өсүп жатканын дагы бир жолу далилдеди.