Эрдоган менен Өмүралиев ТМУнун саммитине даярдыкты талкуулашты

Эрдоган менен Өмүралиев ТМУнун саммитине даярдыкты талкуулашты
copyright icon ТМУ

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 22-октябрда Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Уюмдун маалыматына ылайык, жолугушууда 2026-жылдын 30-октябрында Анкарада өтө турган уюмдун 13-саммитине даярдык, Түркиянын уюмга төрагалыгы жана түрк дүйнөсүндөгү кызматташтык менен интеграцияны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктары талкууланды.

Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын ТМУну туруктуу колдоп келгени, түрк мамлекеттеринин ортосундагы бир туугандык байланыштарды, биримдикти жана тилектештикти чыңдоого кошкон салымы үчүн президент Режеп Тайип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушууда Түркиянын акыркы жылдардагы жетишкендиктери каралып, ”Түрк дүйнөсү — 2040“ концепциясына ылайык кызматташтыктын келечектеги артыкчылыктары талкууланды.

Төрт жылдык кызмат мөөнөтү аяктап келе жаткан башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев президент Эрдоганга жана Түркия тарапка өзүнө жана ТМУнун катчылыгына көрсөткөн колдоосу, тыгыз кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Анкарадагы саммит Түркиянын уюмга төрагалыгынын башталышын белгилеп, ТМУнун өнүгүүсүндө жаңы барак ачарына жана боордош түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.

Саммит ”Түрк кылымы: тилде, ойдо жана иште биримдик“ урааны алдында өтөт.