Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Кубанычбек Өмүралиев 12-ноябрда Түрк инвестициялык фондунун президентинин кызмат ордуна расмий түрдө киришти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, фонддун башкаруучулар кеңеши аны бул кызматка бир добуштан шайлаган. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аземи уюмдун Стамбул шаарындагы башкы кеңсесинде өттү.
Өмүралиев көрсөтүлгөн ишеним үчүн фонддун башкаруучулар кеңешине, ошондой эле уюмдун түзүлүшүнө жана институционалдык өнүгүшүнө салым кошкон фонддун биринчи президенти жана негиздөөчүсү Багдад Амреевге ыраазычылык билдирди.
Фонддун жаңы президенти Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы кызматында топтогон тажрыйбасын аймактык экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жумшоону көздөп жатканын белгиледи. Ал соода жана инвестицияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле Фондго мүчө мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүн жана жалпы гүлдөп-өсүшүн колдоо негизги артыкчылыктардын катарына кирерин айтты.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Өмүралиев 2022-жылдан 2026-жылга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы кызматын аркалаган.