Кубан Чороев: Күйүүчү майды альтернативдүү жеткирүү Кыргызстандын рыноктогу ордун бекемдейт

Коом Жүктөлүүдө... 01 Август 2026 13:00
image_Av8jDfF.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Кыргызстан менен Азербайжандын мунай продуктуларын жеткирүү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү импорт булактарын диверсификациялоого, рыноктогу атаандаштыкты күчөтүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Бул тууралуу экономист Кубан Чороев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Буга чейин энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан менен Азербайжан мунай жана энергетика тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койгонун маалымдаган. Документте мунай продуктуларын жеткирүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде чакан гидроэлектр станцияларын курууну ишке ашыруу каралган.

Кубан Чороевдин айтымында, жетишилген макулдашуулардын негизги артыкчылыктарынын бири — Кыргызстандын бир эле жеткирүүчүгө болгон көз карандылыгын азайтуу болуп саналат.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунун болжол менен 90 пайызы Россиядан ташылып келүүчү продукциялардын эсебинен камсыздалат. Экспортко киргизилген ар кандай чектөөлөр, логистикадагы өзгөрүүлөр же мунай иштетүүчү заводдордун жүктөмүнүн өзгөрүшү ички рынокко дароо таасирин тийгизет. Азербайжандын альтернативдүү жеткирүүчү катары чыгышы мындай тобокелчиликтерди азайтып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдейт”, - деп белгиледи эксперт.

Анын пикиринде, мындай дагы бир ири жеткирүүчүнүн рынокко келиши атаандаштык чөйрөсүнө да оң таасирин тийгизет.

“Эгерде баштапкы этапта жеткирүүлөрдүн көлөмү айына 20–30 миң тоннаны түзсө да, альтернативдүү жеткирүүчүнүн болушунун өзү Кыргызстандын жана ата мекендик нефтетрейдерлердин сүйлөшүүлөрдөгү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Бул ички рыноктогу күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүн ооздуктоого кошумча фактор болот”, - деди Чороев.

Экономист ошондой эле өлкө ичинде мунайды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

“Баку мунай иштетүүчү заводу модернизациядан кийин мунай продуктуларын экспорттоонун көлөмүн кыйла көбөйттү. Мындан тышкары, меморандум даяр күйүүчү-майлоочу материалдарды гана эмес, чийки мунайды жеткирүүнү да карайт. Бул Кыргызстандын мунайды кайра иштетүүчү ишканаларынын өндүрүштүк кубаттуулугун натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт”, - деп баса белгиледи ал.

Ошол эле эксперт учурда жетишилген макулдашууларды ийгиликтүү ишке ашырууда негизги фактор логистика экенин айтты.

“Каспий деңизи жана Казакстан аркылуу өтүүчү маршрут күйүүчү май ташуунун баасын жогорулатат. Ошондуктан жеткирүүлөрдүн экономикалык натыйжалуулугу транзиттик тарифтерге жана өкмөттөр аралык макулдашууларга көз каранды болот. Дал ушул себептен тараптар жеткирүү механизмдерин камтыган так жол картасын иштеп чыгып жатканы өзгөчө маанилүү”, - деп түшүндүрдү экономист.

Адис белгилегендей, Азербайжан менен кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо багытына шайкеш келет жана келечекте өлкөнүн күйүүчү май рыногун кыйла туруктуу, алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон деңгээлге чыгарат.