КРВИ жана сасык тумоонун алдын алып, аны жайылтууга жол бербеңиз

Ден соолук Загрузка... 17 Февраль 2025 14:45
1526906.f9e6540d30efd54326c5fe2488a9efdd.jpg
copyright icon www

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кышында курч респиратордук вирустук инфекцияларды (КРВИ), сасык тумоону жана башка жугуштуу ооруларды жугузуп албоо, жайылышын болтурбоо үчүн алдын алуу алда канча жеңил.

Мындан улам дарыгерлер жарандарды жөнөкөй, бирок маанилүү делген бир катар эрежелерди сактоо керектигин эскертишет.

- Коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу;
- КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармоо;
- Жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз,
- Дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жабуу),
- КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо.