Бишкек, 04.12.25 /Кабар/. Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) жана сасык тумоо (грипп) менен ооругандардын саны өсүүдө, айрыкча балдардын ооруга чалдыгуу коркунучу жогору. №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун балдар дарыгери Зарина Дамирова "Кабар" агенттигине бул инфекцияларды кантип эрте аныктоо керектиги жана өзүн-өзү дарылоо эмне үчүн кооптуу болушу мүмкүн экендиги жөнүндө айтып берди.
Анын айтымында, сасык тумоо күтүүсүздөн башталат: дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт, андан кийин катуу чыйрыгуу, дененин оорушу жана алсыздык пайда болот. Ал эми КРВИ акырындык менен өрчүйт, башында мурундан суу агуу, тамак оору жана орточо дене табы жогорулайт. Так диагнозду дарыгердин текшерүүсүнөн кийин гана коюуга болот.
Ошондой эле педиатр белгилегендей, ата-энелердин эң кеңири тараган катасы – баланын дене табы 39 градуска жеткенде дүрбөлөңгө түшүүсү.
"Алар дене табы 39 градуска жеткенде, парацетамолду ашыкча өлчөмдө ичирет же аны тез-тезден бере башташат. Кээде бул дене табынын кооптуу төмөндөшүнө – 34-35 градуска чейин түшүп кетүүсүнө алып келет", - деп айтты Дамирова.
Ата-энелер көп учурда балдарына антибиотиктерди өз алдынча эле сайышат, мындай учурларга жол бербеш керек, анткени абдан кооптуу.
Дарыгердин пикиринде, дарылоо учурунда суюктукту көп ичүү, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип туруу жана бөлмөнү салкын кармоо жана нымдуу абаны сактоо маанилүү.
Баланын дене табын сандар менен гана эмес, ошондой эле анын абалына карап баалоо керек.
"Айрым балдар дене табы 39 градуска жетсе да активдүү болушат, ал эми башкалары 38 градуста өздөрүн абдан жаман сезишет. Ысытманы түшүрүүчү дарыларды туура өлчөмдө жана атайын белгиленген убакытта берүү зарыл", - деп түшүндүрдү адис.
Ал кошумчалагандай, антибиотиктерди жөн эле берүү туура эмес, баланы спирт же уксус менен сүртүүгө, дене табы көтөрүлгөндө ысык буу менен дем алдырууга же дарыгердин көрсөтмөсү жок күчтүү дарыларды колдонууга таптакыр тыюу салынат. Мунун баары баланын абалын начарлатып, ал тургай тарамыштын тырышуусуна алып келиши мүмкүн.