Күрп-Сай ГЭСинде Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду

Аймак Загрузка... 02 Сентябрь 2025 08:50
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Күрп-Сай ГЭСинде Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине министр Таалайбек Ибраев, энергетика тармагынын ардагерлери жана бир катар жергиликтүү бийликтин, энергокомпаниялардын жетекчилери катышты.

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, КР Баатыры Турдакун Усубалиевдин айкели өлкөнүн энергетика тармагындагы маанилүү объектилердин бири — «Электр станциялар» ААКтын филиалы болгон Күрп-Сай ГЭСинин кире беришинде орнотулду. Бул айкелдин ачылышы — тарыхта өчпөс из калтырган инсанга болгон терең урмат-сыйдын жана келечек муунга үлгүнүн символу.

Эске салсак, 2019-жылдан бери Күрпсай ГЭСи Турдакун Усубалиевдин ысымын алып жүрөт. Бул анын өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө, Кыргызстанды индустриалдык жолго салууга кошкон зор салымына берилген жогорку баанын белгиси.

Энергетика министри бул жөн гана эстелик эмес — бул тарыхка таазим, эмгекке ардак жана элге берилген ак ниет кызматтын түбөлүк символу экенин баса белгиледи.

Турдакун Усубалиев 1961–1985-жылдары республикага жетекчилик кылып, Кыргызстанды агрардык өлкөдөн өнөр жайы өнүккөн мамлекетке айланткан.

Нарын облусунда экологияга зыян келтирчү көмүр ЖЭБине каршы чыгып, анын ордуна гидроэлектр станцияларын курууга демилгечи болгон.

Анын жетекчилиги алдында ондогон заводдор, мектептер, маданий жана социалдык объектилер курулуп, өлкөнүн келбети өзгөргөн.

Кийин ал бул эмгектери үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамына жана «Ак-Шумкар» орденине татыган.