Күрп-Сай ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 13 август 2025 12:38
531610207_18073230194476120_6680443268637976849_n.jpg
532021787_18073230221476120_8980422986262580758_n.jpg
532320950_18073230224476120_7642030456983806566_n.jpg
533015367_18073230233476120_6242426334093287859_n.jpg
531308982_18073230203476120_1732728750204739_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. Күрп-Сай ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча программанын алкагында Күрп-Сай ГЭСинде күз-кыш мезгилинде күчөтүлгөн жүктөмдө иштөөсүнө пландуу даярдык көрүлүүдө.

Жыл башынан бери 40тан ашык жабдууга оңдоо иштери аткарылды. Алардын ичинен эң негизгилери:

  • "Кристалл", "Датка" жана "Городок" подстанцияларындагы өчүргүчтөрдү техникалык тейлөө;
  • АТ-2 автотрансформаторуна учурдагы оңдоо иштери;
  • 110 жана 220 кВ кошулууларын оңдоо;
  • гидрогенераторлорго, трансформаторлорго жана өчүргүчтөргө учурдагы оңдоолор.

"Жогорку жүктөм мезгилинде жабдуулардын коопсуз иштешине өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык оңдоо иштер графиктин негизинде аткарылып жатат", - деп айтылат маалыматта.