Күрп-Сай ГЭСи жаңыланып, "Камбар-Ата" долбоорлору уланууда

Аймак
Күрп-Сай ГЭСи жаңыланып, "Камбар-Ата" долбоорлору уланууда

Бишкек, 23.10.26 /Кабар/. Күрп-Сай ГЭСин оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активи жана тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.

Мамлекет башчысы анда бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 МВт болгон жаңы ГЭСтин ачылышына катышканын эске салды.

Президенттин айтымында, учурда станция өлкөдө электр энергиясын өндүрүүгө салым кошуп жатат. Ошондой эле "Камбар-Ата 1" ГЭСин куруу жана "Камбар-Ата 2" ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоорлору ишке ашырылып жатат.

“Бул иштердин баарынын негизги максаты — электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү, калкты жана ишканаларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу жана өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө шарт түзүү”, — деди Садыр Жапаров.