Көркөм сүрөт окуу жайында жана жатаканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Коом 26 июль 2025 19:36
FB_IMG_1753536903904.jpg
FB_IMG_1753536906257.jpg
FB_IMG_1753536902041.jpg
FB_IMG_1753536899976.jpg
FB_IMG_1753536897509.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1753536903904.jpg
FB_IMG_1753536906257.jpg
FB_IMG_1753536902041.jpg
FB_IMG_1753536899976.jpg
FB_IMG_1753536897509.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 26.07.25. /Кабар/. С.А.Суйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында жана жатаканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков курулуш иштери менен жеринен таанышты. Анда окуу жайдын жылытуу системасын жаңылоо боюнча иштерди баштоо керектиги айтылды.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын эски имаратынын ордуна жаңы заманбап окуу жай куруу иштери башталды. Ушуга байланыштуу студенттердин окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн убактылуу С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасына көчүрүү чечими кабыл алынды.
Маданият министрлиги тарабынан учурда жатакананы окуу жылына даярдоо иштери жүрүүдө. Атап айтканда, жатакананын чатырын оңдоо, эски электр жабдууларын жана эшиктерди алмаштыруу иштери аткарылууда.