Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде нейрографика боюнча мастер-класс өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мастер-класс аялзатына мүнөздүү назик чыгармачылык ыкма аркылуу ички жарыкты сезүүгө, дем алуу менен тынчтык абалын жаратууга жана нейрографиканын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөктөшөт.
Мастер-классты нейросүрөтчү, нейрографика инструктору, психолог-консультант Наталия Петухова өткөрөт.
Иш-чара 23-ноябрда саат 11:00дө башталат. Билетти музейдин кассасынан алууга болот, баасы: 300 сом. Катышуучуларга бардык керектүү материалдар берилет.