Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Өлкө башчысы белгилегендей, жогорку деңгээлдеги коррупцияны жоюуда олуттуу ийгиликтерге жетишилгени менен мектеп, бала бакча, оорукана сыяктуу орто жана төмөнкү баскычтагы социалдык багыттарда жемкорлук көрүнүштөрү дагы деле жоюлбай келүүдө. Бул көйгөйдү чечүүдө жалгыз мамлекет гана эмес, коомчулуктун жана жарандык уюмдардын көзөмөлү менен колдоосу өзгөчө мааниге ээ. Дүйнөлүк тажрыйба да коррупцияны алдын алууда жарандардын активдүү катышуусу эң натыйжалуу инструмент экенин көрсөтүүдө. 2025-2030-жылдарды камтыган коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия өлкөдө системалуу реформаларды жүргүзүп, эл менен бийликтин биргелешкен аракетине таянып, бардык катмардагы коррупцияны түп-тамырынан жоюуну көздөйт.
Эл, коомчулук тараптан көзөмөл, жардам жана колдоо болбосо жалгыз мамлекет үчүн өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу кыйынга турат. Мындай пикирин Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин баш катчысы Нурипа Муканова “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн орто деңгээлиндеги бала бакча, мектеп, оорукана сыяктуу социалдык тармакта коорупцияны түп тамырынан бери жоюу кыйынга турууда.
“Өзгөчө социалдык катмардагы коррупцияны жок кылууда эл тараптан да катуу көзөмөл болушу зарыл. Ар бирине көзөмөл кылууга укук коргоо органдарынын кызматкерлерин бирден кое албайсың. Коррупция менен күрөшүү багытында алдын алуу иштерин жүргүзүп жаткан коомдук уюмдар бар, ошолор менен да иштешүү керек. Бирок, коом эмес укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүсү керек деген таризде Юстиция министрлигинен коомдук уюмдар алынып салынды. Коомдук уюмдар элдин өкүлү катары элдин арасында иштеп келишкен. Айрымдар коорупциялык көрүнүштөр болгон учурда мамлекеттик органдарга эмес, коомчулукка барып өз көйгөйлөрүн билдиришкен. Коррупциянын алдын алууда коомдук уюмдардын ишмердигин, көзөмөлүн күчөтүш керек деп ойлойм. Ошондо коррупция менен күрөшүүгө эл өзү жардам бере баштайт”, - дейт Нурипа Муканова.
Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин баш катчысынын пикиринде өлкөнүн ар бир айылында, райондорунда жана шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупция менен күрөшүүсү керек.

“Өзгөчө мектеп, бала бакчалар, жогорку окуу жайлар сыяктуу социалдык катмар болгон орто деңгээлде коррупциялык көрүнүштөр көп кездешүүдө. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердигин күчөтүп, жардам бериши керек. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу системасы коррупцияга каршы стратегиянын деңгээлинде кандай иштерди жүргүзүп жатканын көзөмөлдөйбүз. Ошол эле учурда уюмдар менен биргеликте иштеп, аларга өзүбүздүн ыйгарым укуктарды берип иштешебиз. Коррупция менен мамлекет гана эмес, коомдук уюмдардын деңгээлинде жалпы эл биргеликте күрөшүүсү керек. Дүйнөлүк тажрыйбадан да белгилүү болгондой, коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик органдарга жардам берүү зарыл. Кыргызстанда бул абдан жакшы иштеген инструмент. Биздин коом активдүү, аң сезими жогоруу”,- деди ал.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки автобекетти көрүп чыгуу учурунда жогору деңгээлдеги коррупция жоюлуп, ортодон ылдый чөйрөдө жемкорлук көрүнүштөрү жоюлбай жатканын билдирген.
Президенттин айтымында, 5 жылдан бери коррупция менен күрөшүү криминал менен күрөшүүгө караганда кыйын болууда.
“Жогору жактагы коррупцияны жок кылдык, ортодон ылдый тармактарда коррупция жоюлбай жатат. Барын бир жылда аткарыш кыйын, акыркы 3 жылда эле ушундай жетишкендиктерге жетиштик. Мисалы, ушул Балыкчыдагы бала бакчаны атайын өз көзүм менен көрүп тапшырма берейин деп өзүм келдим. 90 млн сомго жөн эле оңдоп эмес, жаңы бала бакча салып койсо болот. Көрдүңөрбү ушундай коррупциялык иштер болуп жатат, эмне кылабыз? Криминал менен күрөшүү бизге жеңил болду. Бир жылда тазалап койдук, ал эми 5 жылдан бери ушундай коррупцияны тазалай албай жатабыз. Дагы бир мисал, бир айыл өкмөтү 3 жыл катары менен бир бакчадан акча жептир”,- деди Жапаров.

Эскерте кетсек, Балыкчыда автобекет менен таанышуу учурунда президент шаар аксакалдары менен баарлашып, мында бала бакча көйгөйү айтылган. Мында мамлекет башчысы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө 90 млн сомдон ашык акча бөлүнүп, анын жарым акчасы коррупциялык жол менен жок болуп кеткендиги тууралуу маалымат берилгендигин айтты.
Ал эми саясат таануучу Тимур Саралаев эгерде мурда коррупцияга каршы күрөштө негизги басым жогорку бийлик органдарына багытталса, бүгүнкү күндө мамлекеттин көңүлү жарандар күн сайын бетме-бет келген аткаминерлерге жана кызматкерлерге бурулгандыгын белгиледи.

“Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапары учурунда Балыкчы шаарында президент Садыр Жапаров жогорку катмарда коррупцияны жок кылууга мүмкүн болгон менен орто жана төмөнкү баскычтагылар коррупциялык аракеттерге барып жатканын айтты. Ал шаардагы бала бакчада аныкталган мыйзам бузууларды мисал катары келтирди. Бул билдирүү жүргүзүлгөн реформаларга карабастан жер-жерлердеги коррупция олуттуу көйгөй бойдон калып жатканын тастыктайт. Мурда негизги басым жогорку тарапка болсо, бүгүнкү күндө мамлекеттин көңүлү жарандар күн сайын байланышта болгон аткаминерлерге жана кызматкерлерге бурулууда. Көйгөйдү ачык айтуу менен президент коррупцияга каршы күрөш аягына чыга электигин жана улантыларын ачык-айкын билдирди. Анын позициясы жетишилген ийгиликтер менен токтоп калбастан, бардык бийлик деңгээлдеринде чынчылдык жана ачык-айкындуулук нормага айланышына жетишүү үчүн бекем саясий эркти көрсөтүп турат”,- деди Саралаев.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүүдөгү эң маанилүү документ болуп Кыргыз Республикасынын президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы президенттин № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясы эсептелет.