Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Күн мурун шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде "Креатив Таалим" жеке мектебине жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептин аймагында коопсуздук талаптары олуттуу бузулгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, жогорку кооптуулуктагы объект болуп саналган жылуулук берүүчү жайга эркин кирүү мүмкүнчүлүгү бар экени, ошондой эле ачык чуңкур бар экени катталган. Мектепке чектеш аймакта антисанитардык абал аныкталып, тосмолор жана башка чектөөлөр жок болгон.
Мындан тышкары, от жагууда бөлүнүп чыккан газдарды тазалоочу курулмалары жок жабдуулар колдонулганы аныкталган.
Ошондой эле 3-кабаттагы сабак өтө турган бөлмөлөр өрт коопсуздугуна жана санитардык талаптарга жооп бербейт деп табылды.
Мектеп жетекчилиги буга чейин берилген көрсөтмөнү аткарган эмес, буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле аталган мектептин лицензияланышы боюнча Агартуу министрлигине кайрылуулар жөнөтүлөт.