Красная Речка айылындагы шаар урандысын изилдөө аймагы кеңеет

Коом 13 май 2025 17:05
497609819_994304819527941_7875870535004417323_n.jpg
496805326_994304922861264_2245873506595978181_n.jpg
496254700_994304892861267_1563271109593976024_n.jpg
496189059_994304859527937_7168322432831540065_n.jpg
496813243_994304872861269_688944812505202780_n.jpg
496255566_994304739527949_5846440210429563176_n.jpg
497512221_994304776194612_8977698702946936662_n.jpg
496297481_994304816194608_5937274346126959579_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында шаар урандысын изилдөө аймагы кеңеет.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, күн мурун Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыковага расмий сертификатты тапшырды.

Бул сертификат аталган айылдагы шаар урандысында жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас объектисинин музейлештирүү аймагын кеңейтүүнүн биринчи этабын ишке ашыруу үчүн берилди.

Аталган сертификат маданий мурасты коргоо тармагындагы иштердин маанилүүлүгүн жана эл аралык кызматташтыкты белгилейт.

Иш-чара учурунда тараптар ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги “Жибек жолу: Чанъань–Тянь-Шань багыты боюнча жолдор тармагы” аттуу трансулуттук сериялык номинациясына кирген археологиялык эстеликтерди сактоодо биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

X–XII кылымдардагы Караханийлер дооруна таандык бул тарыхый эстеликтер Борбор Азиянын орто кылымдагы архитектурасынын уникалдуу үлгүсү жана Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан негизги пункттардын бири болгон Красная Речканын тарыхый-маданий көрүнүшүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жаңы коргоочу каптама куруу эстеликти аба ырайынын таасиринен сактап, илимий изилдөө жана туристтик сапарлар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.