Бишкек, 13.07.25. /Кабар/. 11-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын консулдук тармагындагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Айрыкча, АКШ тарабынан Кыргызстандын жарандарына карата визалык саясатына киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.
Алмаз Имангазиев аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү жана предметтүү мамиле кылууну, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи.
Лесли Вигери Кыргызстандын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарындагы жүрүүсү боюнча статистикалык маалыматтарды, АКШнын визалык саясатына киргизилген миграциялык өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында консультацияларды улантуу жөнүндө макулдашты.