Күрөө тармагындагы ири алдамчылык. Ташиев жабырлануучулар менен жолукту

Коом 725 19 Январь 2026 13:50
615938357_1735772940715040_2785401322061208378_n.jpg
615817686_1735772774048390_8143510172781491296_n.jpg
615914601_1735772920715042_2723070796385004528_n.jpg
615934828_1735772880715046_2583381101080313486_n.jpg
616955586_1735772864048381_1363844235240124596_n.jpg
617563118_1735772814048386_9063101965953197579_n.jpg
618355706_1735772830715051_1014003782040513426_n.jpg
Алдыга
Артка
615938357_1735772940715040_2785401322061208378_n.jpg
615817686_1735772774048390_8143510172781491296_n.jpg
615914601_1735772920715042_2723070796385004528_n.jpg
615934828_1735772880715046_2583381101080313486_n.jpg
616955586_1735772864048381_1363844235240124596_n.jpg
617563118_1735772814048386_9063101965953197579_n.jpg
618355706_1735772830715051_1014003782040513426_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты.

Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган. Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан кийин пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон.

Тергөөдө мүлктөрдү кайра жол-жоболоштуруу көзөмөлдөгү нотариустар жана аффилирленген жактар аркылуу жалган бүтүмдөр менен жасалганы белгилүү болду. Ошондой эле жабырлануучуларды коркутуп, бийликтеги байланыштары аркылуу басым жасап келгени далилденди.

Тергөө өзгөчө "Эксперт Строй" ЖЧКсынын ("Шёлковый путь" турак жай комплекси) жана "Арз Девелопмент" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө багытталган. С.М. эки жер тилкесин үлүшкө берип, кийин долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жараткан жана ири өлчөмдө кошумча пайда алуу үчүн мыйзамсыз талаптарды койгон.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында "Шёлковый путь" ТЖК, "Арз Девелопмент" ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган. Жыйынтыгында жалпы материалдык зыян өзгөчө чоң деп бааланып, ага кыймылсыз мүлктү, унааларды жана каражаттарды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу кирген.

Мындан улам Ташиев УКМК кызматкерлерине бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырды.

Ошондой эле Ташиев жогоруда сөз болгон кылмыш ишин тергөө анын жеке көзөмөлүнө алынганын билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин жооптуу бөлүмдөрүнө бардык жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү иликтөө, тиешеси бар адамдарды аныктоо жана жабырлануучулар үчүн максималдуу компенсация төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.