Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Хух-Хото шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 16-апрель күнү башталган окуу-машыгуу жыйыны 30-апрелде жыйынтыкталат.
Курама командасынын тизмеси:
- 55 кг Арууке Кадырбек кызы;
- 57 кг Сезим Жуманазарова;
- 59 кг Таңчолпон Кабылбекова;
- 62 кг Калмира Билимбек кызы;
- 65 кг Дилназ Сазанова;
- 68 кг Мээрим Жуманазарова;
- 68 кг Гулнура Таштанбекова;
- 72 кг Нурзат Нуртаева;
- 72 кг Кайыркүл Шаршебаева.
Ал эми, Нурдин Донбаев - улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2025-жылга алынган календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.