Бишкек, 01.06.25 /Кабар/. 30-майда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Шайгүл Алсеитованын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу кече өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, өнөр майрамында Шайгүл Алсеитова өзү эмгектенген театр сахнасындагы белгилүү ролдорунан үзүндүлөрдү кесиптештери менен биргеликте аткарды.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө ардактуу меймандар тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, актрисанын өлкөбүздүн театр маданиятына кошкон салымы белгиленип, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ысык-Көл облусунун “Эмгек каарманы”, Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын “Ак-Суу районунун ардактуу атуулу” наамдары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы, Кыргызстан театр ишмерлери союзунун Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыгы тапшырылды.
Эске салсак, 29-майда КР эл артисти Шайгүл Алсеитованын чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналып Ф. Зеллер, М. Байжиев жана К. Акматовдун чыгармаларына инверсияланган, режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган “Эне” спектакли көрсөтүлгөн.