Кыргыз делегациясы КМШда терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйынга катышты

Коом Загрузка... 11 Июнь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. 10-11-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин делегациясы КМШга мүчө мамлекеттердин терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жыйынына катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын 13 органынын жумушчу түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, шериктештиктин 4 базалык уюмунун жана 3 эл аралык уюмдарынын (ЖККУ, ШКУ, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топ) өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жамааттык жана улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарга баа берүү жана алардын өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле чек ара аймагында терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, террористтик жана экстремисттик максаттарда пайдаланылган каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын, террористтер колдонгон мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргыз делегациясы террористтик жана экстремисттик коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн улуттук тажрыйбасы жана оң практикалары жөнүндө, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук укуктук база, анын ичинде стратегиялык жана башка объекттердин терроризмге каршы корголушун камсыз кылуу, ошондой эле трансулуттук террористтик уюмдар менен күрөшүүнү, аларды каржылоо каналдарын болтурбоону, идеологиялык радикалдашууга, өзгөчө жаштар чөйрөсүндө каршы аракеттенүү боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берди.

Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешип, XVIII жыйынынын жыйынтыктоочу документин кабыл алышты.