КР акыйкатчысынын орун басары “Сахарово” миграциялык борборуна барды

Коом Загрузка... 28 Октябрь 2025 15:30
872128b8-aea7-4219-a7cc-48780ee42b67_copy_copy_copy_copy.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Кыргызстандын акыйкактчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Россияга иш сапарынын алкагында Москва облусундагы “Сахарово” миграциялык борборуна барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, миграциялык борбордо Кыргызстандын 160 жараны кармалып турат, 11и аялдар.

Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандардан сырткары, 11 кыргыз жараны оор эмес кылмышка шектелип кармалган. Үч аял пара берүүгө шектелип, 76 күндөн бери борбордо отурушат.

Кыргызстандыктар медициналык жардамга муктаж экенин айтышып, бирок кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттанышкан жок.

Маалымат үчүн: 2024-жылдын 9 айында “Сахарово” борбору аркылуу 3928, ал эми 2025-жылдын 9 айында 2808 кыргыз жараны өлкөгө жөнөтүлгөн.