Бишкек, 05.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын банк тармагынын кредиттик портфели 460 млрд сомго жетип, 35 пайызга өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аманаттар боюнча да ушундай эле динамика байкалып, депозиттик портфель да 35 пайызга өсүп, 804 млрд сомду түздү. Ошол эле учурда аманаттардын жана насыялардын негизги бөлүгү улуттук валютага туура келет.
Карабаева акыркы жылдары банк секторунун долларлаштыруу деңгээли олуттуу түрдө төмөндөгөнүн белгиледи.
"Насыялардын чет элдик валютадагы үлүшү: 2022-жылы 22 пайыз болсо, азыр 18 пайызды түздү. Ал эми доллар менен сакталган аманаттардын үлүшү 2022-жылдагы 45 пайыздан азыркы учурда 34 пайызга чейин азайган", - деди ал.
Ал мындай динамика калктын жана бизнестин сомго болгон ишениминин, ошондой эле жалпы эле банк системасына болгон ишенимдин өсүп жатканынан кабар берерин баса белгиледи.