Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт – 9-июлга карата аба ырайы

Коом 9 июль 2025 10:06
Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт – 9-июлга карата аба ырайы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 29…34, Талас облусунда 25…30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 29…34, Ысык-Көл облусунда 20…25, Нарын облусунда 21…26 градус, ал эми Бишкекте 31…33, Ош шаарында 31…33 градус ысыйт.