Көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө - Транспорт министрлиги

Коом 925 03 Март 2025 10:52
481248400_948584397450307_593368554090662459_n.jpg
481782397_948584354116978_723527289300116301_n.jpg
481243378_948584444116969_5553475289257103165_n.jpg
481244232_948584544116959_982256260368510637_n.jpg
481262624_948584394116974_7569584455903736743_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, "Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат. Каттам бар.

Эске салсак, бүгүн, 3-мартта саат 06:10до Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип, азыркы тапта күчүндө турат.

Учурда Төө-Ашууда кар жаап, инерттик материалдарды чачуу жумуштары үзгүлтүксүз уланууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

"Эсиңизде болсун! Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.