Көпчүлүк аймактарда кар жаайт – 9-декабрга карата аба ырайы

Коом 8 декабрь 2025 18:01
Көпчүлүк аймактарда кар жаайт – 9-декабрга карата аба ырайы
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Ага ылайык, эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0... +5, Талас облусунда 0… +5, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +1... +6, Ысык-Көл облусунда +1... +6, Нарын облусунда -2... +3 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +3... +5 градусту түзөт.

Ошондой эле айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Министрлик мындай аба ырайында узак жолго чыккандарга жылуу кийинип, жанына тамак-аш ала жүрүүнү сунуштайт.