ЖК депутаттарын шайлоо. №16 округдун жыйынтыгы жарактуу деп табылды

Шайлоо Загрузка... 05 Декабрь 2025 17:50
WhatsApp_Image_2025_oInFhfI.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Көп мандаттуу №16 округдун жыйынтыктары жарактуу деп табылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында белгилүү болгондой, аталган шайлоо округунан Дастан Жумабеков, Медер Чотонов жана Медина Кайрылбекова Жогорку Кеңешке өттү.

Аталган округдан БШК тарабынан 10 талапкер катталып, шайлоого катышкан. Округда 82 шайлоо участогу түзүлүп, округ боюнча шайлоочулардын тизмесине 133 744 жаран киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 57 миң 31 шайлоочу катышкан. Бул көрсөткүч тизмеге кирген шайлоочулардын 42,6 пайызын түзгөн. Округдун ичиндеги участкаларда 50 миң 18 шайлоочу, 7013 шайлоочу аралыктан добуш берген.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.