Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарында болгон шамалдан улам Көк-Жар конушундагы Күйүкова көчөсү, 8 дарегинде курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн тосмосу жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна кулаган. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан аталган аймакта тиешелүү чаралар көрүлдү.
Курулушту жүргүзүп жаткан “Централ Азия Инвест" ЖЧКсына жабыр тарткан турак үйлөрдүн тосмолорун калыбына келтирүү милдеттендирилип, аны аткаруу үчүн компанияга 3 күндүк мөөнөт берилди.
Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.