Көп кабаттуу үйдүн курулушундагы кырсык: Компанияга 200 миң сом айып салынды

Укук тартиби 7 октябрь 2026 13:00
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсү 16 дарегинде жайгашкан 16 кабаттуу турак үйдүн курулуш аянтчасында асма платформасы (люлька) үзүлүп кеткен.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, окуяга байланыштуу жеринде ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө асма платформасына (люлька) ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, конструкцияга күч келип, 6-кабаттан үзүлүп, куруучу кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир жумушчу жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди. Учурда анын абалы туруктуу.

"Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Борсан Констракш” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле курулуш иштерин техникалык коопсуздук талаптарына жана курулуш ченемдерине ылайык жүргүзүү боюнча бир катар талаптар коюлуп, компанияга көрсөтмө берилди. Объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду",-деп айтылат маалыматта.