Бишкек, 16.09.26 /Кабар/. Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жыйындын негизги максаты — курулуш тармагындагы мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин жана эмгек коопсуздугун сактоо, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгек коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп, жумушчуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, коопсуздук эрежелерин сактоо жана тиешелүү нускамаларды өз убагында өткөрүү зарылдыгы эскертилди.
Ошондой эле курулуш иштерин бекитилген долбоордук жана уруксат берүүчү документтерге ылайык жүргүзүү, долбоордук чечимдерден өз алдынча четтөөгө, объекттин кабаттуулугун жана конструкцияларын уруксатсыз өзгөртүүгө жол бербөө талап кылынды.
Мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.
Мындан тышкары, жыйында коррупциянын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө уруксат берүүчү жол-жоболорду мыйзамсыз тездетүүгө, текшерүүлөрдүн жыйынтыгына таасир этүүгө жана кызмат адамдары менен мыйзамсыз макулдашууга жол берилбестиги түшүндүрүлдү.