Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Шопоков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 22 кабаттуу бизнес-борбордун курулуш аянтында инженердик-геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, изилдөө иштеринин жүрүшүндө адистер тарабынан 25–30 метр тереңдикке чейин бургулоо иштери жүргүзүлүп, топурактын талаа шартындагы физикалык-механикалык касиеттери изилденди.
Ошондой эле топурактын көтөрүмдүүлүгүн жана туруштук берүү жөндөмүн аныктоо максатында штамптык сыноо жүргүзүлдү. Сыноо учурунда атайын жабдуу топурактын бетине орнотулуп, ага баскыч-баскычы менен жүк берилет жана топурактын отурушу өлчөнөт.
Аталган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы топурактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен имараттын пайдубалын жана негизин эсептөөдө, ошондой эле долбоордук чечимдерди иштеп чыгууда колдонулат.