Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Майрамбек Таалайбеков Кытайдын Ляньюньган шаарында өткөн коомдук коопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча Глобалдык форумга катышты.
Форумдун алкагында ал Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин орун басары Ци Яньцзюнь менен жолугуп, глобалдык жана аймактык коопсуздукка болгон учурдагы чакырыктарды жана коркунучтарды талкуулады.

Ошондой эле алардын алдын алуу боюнча тажрыйба алмашуу, санариптик технологиялар жана маалымат жаатындагы кызматташтык маселелери каралды.
Таалайбеков быйыл Бишкек шаарында ШКУнун алкагында Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ишин баштай турганын белгиледи.