ДКО – 2026: Санитардык коопсуздук тыкыр көзөмөлдөндү

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 10:26
ДКО – 2026: Санитардык коопсуздук тыкыр көзөмөлдөндү
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык локацияларында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөндү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, республиканын аймактарынан тартылган 80ден ашуун адис тамак-аш азыктарынын жана ичүүчү суунун сапатын, спортчулар менен коноктор жайгашкан жайлардын жана коомдук тамактануу жайларынын санитардык абалын текшерип турушту.

Ошондой эле спортчуларга жеткирилүүчү даяр тамак-аштын тизмеси, таңгакталышы жана коопсуздук талаптарына шайкештиги көзөмөлдөндү.

“Көрүлгөн алдын алуу жана көзөмөлдөө чараларынын натыйжасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө массалык тамак-аштан уулануу жана жугуштуу ооруларга байланыштуу кайрылуулар катталган жок””, - деп айтылат маалыматта.