Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр болуп, ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү үчүн инфраструктура активдүү өнүгүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Нурадил Бекжанов билдирди.
Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде 15 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөгөн.
”Алардын иш-чарасы аяктагандан кийин дароо Эгемендүүлүк күнүн белгилөө Талас облусунда улантылууда. Бул жерде 3,5 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жарандардын коопсуздугун камсыздап, укук бузуулардын алдын алууда”, — деди ал.
Бишкек шаардык милициясынын өкүлү жарандарды коомдук тартипти сактоого жана бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга чакырды.
”Көрүп турганыңыздардай, бул жерге көптөгөн адамдар чогулду. Бири-бириңиздерге урмат-сый менен мамиле кылып, концертти көңүлдүү өткөрүп, үйлөрүңүздөргө аман-эсен кайтып кетишиңиздерди суранабыз.
Кыргыз милициясы ар дайым элдин коопсуздугу үчүн кызматта!”, — деп белгиледи Бекжанов.