Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын, конокторунун жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Бул максатта ички иштер министринин орун басары, Октябрь Урмамбетов коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган бөлүмдөрдүн жетекчилери менен нускама жыйын өткөрдү.
“Жыйында спорттук жана маданий иш-чаралар өтүп жаткан жайларда коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана келип чыккан кырдаалдарга ыкчам чара көрүү маселелери талкууланды”, -деп айтылат маалыматта.
Октябрь Урмамбетов бардык кызматтардын өз ара тыгыз иш алып баруусунун жана жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле кызматкерлерге оюндардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен катышуучуларга жана конокторго зарыл жардам көрсөтүүгө дайыма даяр болуу тапшырылды.