Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. 6-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине байланыштуу Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда саат 06:00дөн 00:00гө чейин жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочуларга Бишкек – Каракол жана Каракол – Бишкек багыттарында Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу жүрүү сунушталат.
Иш-чарага келгендер үчүн Бает айылындагы ”Чайка Резорт“ пансионатында, ”Голубой Иссык-Куль” санаторийинин аймагында жана Чолпон-Ата – Бостери багытындагы унаа токтотуучу жайда атайын токтотмолор уюштурулат. Ал жерлерден ат майданына автобустар каттайт.
“Айдоочулардан каттамын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин талаптарын аткарууну суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.